Эртең Путин менен Жапаровдун жолугушуусу Москвада өтөт

0
76

Эртең, 24-февралда Москвада президент Садыр Жапаров менен РФнын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болот. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирет.

«Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү орус-кыргыз кызматташтыгынын абалын жана андан ары өнүгүү келечегин кароо, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда«, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы, Садыр Жапаров ушул жылдын 24-25-февраль күндөрү Россияга мамлекет башчысы катары биринчи чет элдик сапарын жасай турганын билдирген.

Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчынын Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда.