Каржылык кайтарымсыз жардам. Орусия Кыргызстанга 5,2 млн доллар бөлдү.

0
46

Орусия Кыргызстанга 5,2 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Россия Федерациясынын өкмөтү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 5,2 миллион доллар бөлдү«, — деп айтылат маалыматта.

Блгилүү болгондой, материалдык-техникалык жана каржылык жардам 2021-2022-жылдарга Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына көрсөтүлөт.