У. Марипов: “Райондук администрация башчылар, орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт жана ротацияланат”

0
55

Бардык райондук акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт жана ротацияланат. Бул тууралуу өкмөт башчысы Улукбек Мариповдун кайрылуусунда айтылат.

«Президент Садыр Жапаров быйыл 29-январда “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” жарлыкка кол койду. Президентибиздин башкы тапшырмасы – кадрларды тандоо системасын кардиналдуу өзгөртүү.

Муну ишке ашыруу үчүн биринчи этапта бардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Ошондой эле акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет.

Бул иштердин башкы максаты:

— элдин ынтымагын бекемдөө;

— мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу;

— кадрдык трайбализм, кландуулук оорусун түп тамырынан бери жок кылуу;

— “тааныш-билиштердин” мамлекеттик башкаруу кызматтарына келишин токтотуу;

— жеке кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, айрыкча инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы келишпестиктерди болтурбоо;

— коррупциялык схемаларды жок кылуу.

Муну менен биз жер-жерлердеги жетекчилерди натыйжага жана сапатка иштегенге түрткү беребиз.

Аттестациялоо иштери жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт.

Президенттин жарлыгынын жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссия түзүлүүдө. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет.

Ротациялоо — укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келет. Мунун жакшы жагы – райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптанышында жакшы натыйжаларды берүүдө.

Мындай кадам өлкө саясатын ишке ашырууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу кадрлардын күчтүү резервин түптөөдө негизги өзөктөрдүн бири болот. Аттестациядан ийгиликтүү өткөн мамлекеттик администрациялардын башчылары жана анын орун басарлары кызматтан жогорулатууда негизги талапкерлердин бири катары каралат. Бул чечимдерибиз эл тарабынан туура кабылданып, колдоо табат деп ишенем», — деп айтылат маалыматта.