COVID-19: АКШда 5 күндүк азаа күтүү жарыяланды  

0
49

АКШнын президенти Жо Байден 5 күндүк азаа күтүү чечимин жарыялады. Буга өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны жарым миллиондон ашкандыгы себеп болгонун чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматтарга ылайык, коронавирустан каза болгондордун саны экинчи дүйнөлүк согушта каза болгондордун санынан ашып өткөн.

Учурда АКШда вируска кабылгандардын жалпы саны 28 миллион 186 миң 824кө жетти. Анын ичинен 500 миң 201 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Бүгүн, 23-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 111 миллион 700 миң 418 адам жуктуруп алды.