Украинанын борбору Киев шаарында 26-28-февраль күндөрү украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнир өтөт. Турнирге Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы дагы катышарын Күрөш федерациясынан билдиришти. Балбан кыздар башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында барышат.
Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан катышчу кыз-келиндердин тизмеси:
Жуманазарова Сезим — 57 килограмм;
Марсбек кызы Назира — 59 килограмм;
Тыныбекова Айсулуу — 62 килограмм;
Жуманазарова Мээрим — 68 килограмм;
Медет кызы Айпери — 76 килограмм;
Изабеков Нурбек — Башкы машыктыруучу.