«Спутник V» вакцинасы Кыргызстанда коронавируска каршы каражат катары катталды.

0
45

Кыргызстандын Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти Орусиянын «Спутник V» вакцинасын коронавируска каршы каражат катары каттады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта, «Вакцинанын катталышы — коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүүнү тездетет», — деп жазылган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдараак коронавируска каршы эмдөө элдин каалоосу менен жүргүзүлө турганын билдирген.

Министр эмдөө алгач медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана башка каалоочуларга мамлекеттин жана донорлордун эсебинен акысыз болорун айткан.

Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандап алган.

Эмдөө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайыла турганы кабарланган.

Ал эми «Pfizer» вакцинасын -70 градус температурада сактоо мүмкүнчүлүгү жок деген болгондуктан Кыргызстан андан баш тартканы кабарланган.