COVID-19: Жаңы 72 учур, 2 бейтап көз жумду.

0
44

Соңку бир суткада коронавирус 72 адамдан табылып, 2 адам каза тапканын республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар: Бишкекте – 17, Чүй облусунда – 47, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 кишиден табылган. Муну менен вирус жугузгандардын саны өлкө боюнча 86 миң 1 адамна жетти.

Ал эми бир сутка ичинде 76 адам коронавирустан айыгып, дартты жеңгендердин жалпы саны 82 миң 879 киши болду.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте — 2 адам көз жумуп, республика боюнча илдеттин курмандыгы жалпы — 1 миң 460 адам.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 383 бейтап, амбулатордук түрдө 341 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 158 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.