Бишкекте жаңы калкты тейлөө борбору ачылат.

0
51

Өкмөт башчысы Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты тейлөө борборлорунун бирине пландан тышкаркы текшерүү менен барды.

Анда Марипов жакын арада Бишкек шаарынын борборунда жаңы калкты тейлөө борбору ачыларын белгиледи. Ал мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында жайгашарын кошумчалады.

Эске салсак,  аталган соода борборунун имараты буга дейре мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген. Кызматкерлер такталып, тийиштүү жабдуулар орнотулган соң, мында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылып, Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлмөкчү.

Премьер-министр тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди ачык типтеги кеңсе форматында долбоорлоо тапшырылды. Натыйжада, кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар-кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзүлөт.