Индонезиядагы нөшөрлөгөн жаандан миңдеген тургундар көчүрүлдү

0
52

Индонезиянын борбор шаарында 1300 тургун өз турагын таштап, башка жайга көчүрүлдү. Нөшөрлөгөн жаанда дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүп, кээ бир калктуу кварталдарды суу каптады. Айрым райондордо суу 2 метрге чейин  көтөрүлгөн.

Азырынча курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Кооптуу абалга карабай кээ бир  тургундар үйлөрүнө  кайтып барды.

Индонезияда бир аптадан бери  нөшөрлүү жаан токтой элек. Январда жер көчүп, бир айылды  басып  калган. Кырсык 18 адамдын өмүрүн  алды. Жолдор жабылгандыктан жардам көрсөтүү иши кечеңдеп  жатат. Синоптиктер  келерки жумада нөшөрлүү жаан менен  кошо  шамал күчөй тургандыгын эскертүүдө.

https://www.youtube.com/watch?v=U5fk7DOMUeI