Ирандагы жер титирөөдөн 25 адам жаракат алды

0
87

Ирандын түштүгүндөгү жер титирөөдөн 25 адам жаракат  алды. Бул туурасында  IRNA агенттиги өлкөнүн тез жардам кызматынын башкы дарыгерине таянуу менен билдирди. Анын айтымында, жердин термелүүсүнөн Сисахт шаары олуттуу  зыянга учураган. Жергиликтүү сейсмологдордун маалыматы боюнча, термелүүнүн күчү 5,6 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Исфахан провинциясы менен Кохгилуйе провинциясынын  чектешкен аймагында  орун  алган.

Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Ереванда кубаты күчтүү жер титирөөкатталып, 25 адам дарыгерге кайрылган. Эки күндөн киийн жердин термелүүсү кайталанган.