Аламүдүн суусуна түшүп кеткен адамды куткаруучулар сактап калды

0
59

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн суусуна түшүп кеткен адамды куткаруучулар сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ 112 кызматына эркек адам сууга түшүп кетти деген маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен 1975-жылы туулган К.П., аттуу кишини 5 метр бийиктиктен атайын шаймандар менен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда абалы канааттандырарлык экендиги айтылды.