Тогуз-Тородо бензин ташыган КамАЗдын  цистернасы жарылып, эки адам жабыркады

0
55

Кечээ, 16-февраль күнү Тогуз-Тородогу Каргалык айылында күйүүчү май ташыган КамАЗдын цистернасы жарылган. Кырсыктан эки адам жаракат алганын ӨКМ кабарлады.

Маалыматта оор жүк ташуучу унааны оңдоо үчүн ширетүү иштерин жасап жаткан учурда бош турган цистерна жарылып кеткени айтылды. Кырсыктан жаракат алган 33 жаштагы тургун оорукананын хирургия бөлүмүнө, 34 жаштагы жаран жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.