Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычы кайрадан курулат

0
97

Өзбекстан былтыр май айында дамбасын суу жырып кеткен Сардоба суу сактагычын кайрадан калыбына келтирет. Бул тууралуу өлкөнүн Курулуш министрлигинин өкүлү Насрулло Бобоев маалымдаганын жергиликүү сайттар жазды.

Учурда бул максатта ири инженердик-изилдөө иштери башталып, лабораториялык анализдер жүргүзүлүүдө. Илимий-изилдөө иштерине чет өлкөлүк изилдөө борборлору да тартылган. Бирок, курулуш иштеринин мөөнөтүн айталбай турганын Бобоев билдирген.

Эске салсак, өткөн жылдын 1-майында Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычы жарылып, аймактагы айылдарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, 24 айылдагы 90 миңдей тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Суу ташкын чектеш Казакстандын Түркстан аймагындагы 10 айылды кошо жабыркаткан. Андагы 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5 624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун эсептеп чыккан.

Ташкент шаардык соту былтыр декабрда Сардоба иши боюнча айыпталып жаткан 17 кишиге карата жабык сот жараянын башталган. Айыптоо корутундусунда суу сактагычтагы кырсыктан улам мамлекетке 45 миллиард сум (болжол менен 4 280 000 доллар) зыян келгени жазылган.

Аталган суу сактагыч 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаганю Курулушуна жалпысынан 1,2 триллион сум (азыркы курс боюнча 114 миллион доллар) жумшалган.