Абайла айдоочу! Кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

0
82

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

17-февралдан 19-февралга чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-265 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы,

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115 чакырымдарында,

Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу,

Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында,

Каракол-Эңилчек авто унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу, 64-90 чакырымдарында,

Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарындагы Ийри-Суу тилкеси, 67-93 чакырымдарындагы Кара-Гоо ашуусунда  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылын чектеши зарыл.