Аскер бөлүктүн аймагында жер көчкү жүрдү

0
73

ӨКМ Чүй облусундагы аскердик бөлүктүн аймагында жер көчкү жүргөнүн бүгүн, 15-февралда кабарлады. Табият кырсыгы жекшемби күнү Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагында катталып, анда  №10 127 аскердик бөлүктүн аймагына болжол менен 600 м3 жер көчкү түшкөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бүгүн окуя болгон жерде тактоо иштери уланууда. Учурда аскер бөлүктүн жоокерлери нөөмөттө турушат.