Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди

0
82

Өткөн дем алыш күндөрү экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты өздүк булактарга таянып жергиликтүү ММКлар жазышууда.

Буга чейин, 2-февралда Жээнбеков жубайы менен Сауд Арабиясына умрага жөнөп кеткени белгилүү болгон.

Жээнбековдун Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу боюнча уюштурулган бул сапары 2020-жылдын ноябрынан бери пландалганы, умра сапары 10 күн уланып, ал кайра Бишкекке кайтып келери айтылган.