COVID-19: АКШ 5 айда жарандардын баарын эмдөөдөн өткөрүп бүтөт.

0
134

АКШ президенти 5 айда  американын жарандарынын  баары  эмдөөдөн  өткөрүү планын айтты. Мэриленд шаттында  саламаттык сактоо боюнча улуттук  институтта сөз сүйлөп  жатып, Джо Байден июль айынын  соңуна чейин 300 млн  жаранды эмдөөдөн  өткөрүү  тууралуу  билдирди.

Ал  ошондой эле вакцинанын тиийштүү кору камдалып жаткандыгын кошумчалады. Pfizer жана  Moderna вакцинасынын 100 млн дозасын  алуу боюнча келишим  түзүлгөн.Саламатык сактоо  боюнча  улуттук  институттун  маалыматы боюнча  вакцина өндүргөн  ар бир компания 2021-жылдын  июлдь айына чейин 300 млн дозадан  препарат жеткирет.

2019-жылдагы маалымат боюнча АКШда 328,2 млн адам  жашайт. Буга чейин  Джо Байден улуттук футбол лигасынын  стадионун вакцинация жасоо үчүн бошотууну сунуштаган. Эмдөө иштерин  тездетүү үчүн федералдык өкмөт бардык стадионду колдонуу ниетинде