COVID-19: Португалия Испания м енен чек арасын жапты

0
81

Португалия  коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышын  чектөө  максатында Испания менен  чек арасын жапты. Жергиликтүү массалык  маалымат каражаттарынын  жазганына караганда, тиийштүү  чкечим бүгүн  кабыл  алынды. Ал эки апта күчүндө болот.

Мындан тышкары 14  күнгө  жарандарга  өлкөдөн чыгууга  тыюу салынды. Белгилүү  болгондой Португалия параламенти  өзгөчө  абал  режимин  14-февралга  чейин  узарткан. Пандемия менен  күрөшүү  алгоритмине ылайык пенсияга чыккан  улгайган  медицина кызматкерлерди кайра ишке чыгууга мажбурлады. Себеби соңку күндөрү Португалияда коронавирустун жаңы учурлары көп катталууда.

Өткөн суткада COVID-19 Португалияда 303 бейтап  вирустан  каза  тапты. Бул пандемия башталган берки жогорку көрсөткүч.  Бир стукада коронавирус 16 миң 432 адамда аныкталды.

https://www.youtube.com/watch?v=GyFGzNudHfw