Бишкекте 3 маршрутка катышкан жол кырсыгы катталды

0
111
Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде үч маршрутка катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-октябрда эртең мененки саат 06:30 чамасында болгон. Mercedes Benz үлгүсүндөгү спринтер Аламедина-1 көчөсү тарапка жүрүп баратканда “Фрунзе” гипермаркеттин алдында башка спринтер бурулуп жатып биринчи спринтер менен кагышкан. Ошол эле убакта токтоп турган дагы бир маршрутканы сүзгөн.

Кырсыктан эки айдоочу жабыркаган.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, унаалар айып кароого токтотулган.

Ошол эле күнү, (7-октябрь) Бишкектин Красный строитель конушундагы Бельская көчөсүндө «Тойота Hoax» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда. Экинчи кырсык Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде болгон. «Ауди 100» унаасынан өрт чыгып, анын кесепетинен унаанын салону күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.