Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына Ильязбек Ташболот уулу болду

0
72

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына Ильязбек Ташболот уулу директор болуп дайындалды. Ал буга чейин ушул окуу жайда эмгектенген.

Ташболот уулу үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды. окуу жайдын жамаатына Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев тааныштырды.

Аталган  музыкалык окуу жайында жалпы 93 кызматкер иштейт, анын 53ү мугалимдер. Учурда эки жүздөн ашуун студен билим алат.