С. Жапаров 79,2 % менен президенттик шайлоодо жеңди, инаугурация 28-январь күнү өтөт.

0
80

Кечээ, 20-январь БШК «Республикасынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президент шайлоосунун жыйынтыгы жөнүндө» протоколду бекитти.

Расмий жыйынтыкка ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти.

Экинчи орунда Адахан Мадумаров 94741 (6,79%) шайлоочунун добушун алган. Андан кийинки орундарда Бабыржан Төлбаев 32 979 (2,36%), Арстанбек Мыктыбек 23 583 (1,69%), Абдил Сегизбаев 20 335 (1,46%), Имамидин Ташов 16 383 (1,17%), Клара Сооронкулова 14 005 (1%), Аймен Касенов 12 684 (0,91%), Улукбек Кочкоров 9 397 (0,67%), Канатбек Исаев 8 038 (0,58%), Бактыбек Калмаматов 6 893 (0,49%), Элдар Абакиров 6 996 (0,50%), Курсан Асанов 6 885 (0,49%), Равшан Жээнбеков 2 652 (0,19%), Каныбек Иманалиев 2 490 (0,18%), Женишбек Байгуттиев 1 327 (0 , 10%), Арстанбек Абдылдаев 1 157 (0,08%) добуш алды. Баарына каршы 18 673 (1,34%) киши добуш берген.

10-января ткөн шайлоого 1 млн. 395 миң 513 киши катышкан. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт. Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 ми 574 жаран катталган болчу.

Өлкө башчысы болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январь болорун президент басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.