Ушул жылдын 5-февралынан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт жаңы үзгүлтүксүз авиакаттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
Учууларды Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы ишке ашырат. Үзгүлтүксүз каттам жумасына 2 жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырылат.
Кувейт-Бишкек багытынын учуу узактыгы 3 саат 35 мүнөт.