Араванда турак үй өрттөнүп, бир тургун каза болду

0
36

Ош облусунун Араван районунун Төлөйкан айылында турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирген.

Кырсыктын кесепетинен 37 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.