Миланда көчөдө тамеки чегүүгө тыюу салынды

0
34

Миланда адамдар көп  чогулган жерде жана көчөдө чылым  тартууга  тыюу салынган  чектөө күчүнө кирди. Жаңы талаптарга  ылайык, эми Миландын тургундары  элден 10 метр алыс  барып тамеки чегет. Мындай чечим абаны тазартуу  максатында кабыл  алынды. Көпчүлүк жарандар  бийликтин  бул эрежесин колдоп  жатышат.

Шаар  башчысынын  айтымында, биринчи кезекте  шаардыктардын ден соолугу үчүн кам көрүү. Бүгүнкү күндө Миланда аэрозолдук булгануунун көрсөткүчү ортоңку чектен өткөн  деп бааланууда.

Окумуштуулардын  эсептөөсү боюнча тамеки түтүнү аба булгануусунда 8% түзөт.

https://www.youtube.com/watch?v=OXIsuqAiIBA