АКШнын 46-президенти  Джо Байден бүгүн кызматка киришет

0
37

Бүгүн, 20-январдда АКШда тандалган президент Джо Байден кызматка киришет. Инагуруация күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен Вашингтондо өтөт. Ага катышуучулардын саны коронавируска байланыштуу чектелген.

Ошондой эле, Вашингтондун борбордук бөлүгү жабылып, коопсуздукту улуттук гвардиянын 20 миң аскери камсыздап жатат. Мындай чаралар мөөнөтү аяктап жаткан президент Дональд Трамптын тарапташтары 6-январда Капитолийди басып алган окуяларынан кийин күчөтүлгөн.

Ал эми, Джо Байден кечээ, инаугурациясынын алдында өзү туулуп-өскөн Делавэр штатында коштошуу сөзүн сүйлөгөн. Кийин Мэриленддеги «Эндрюс» аскердик базасына барып, ал жерден Вашингтонго кеткен.