COVID-19: Германия жана Италияда  карантин  узартылды

0
35

Германияда карантин  чаралары 14-февралга чейин узартылды. Пандемия башталгандан бери коронавирустун 2 млн учуру катталды. Немец  басылмаларынын  маалыматына караганда, Берлинде карантин  чараларын  катаалдаштыруу каралып жатат. Анда коомдук транспортту токтотуу жана  бет кап тагынууну күч менен милдеттендирүү талаптары  бар.

Улуу Британияда  болсо вирустун  курмандыктары рекорддук чекке  жетти. Бир суткада 1600 бейтап  каза  тапты. Өткөн  аптада  бул көрсөткүч 10 млн адамга 165 курмандык деп катталган.

Италия вирустун курмандыктары  боюнча  европадагы экинчи өлкө. Кечээ 600 адам коронавирустан  каза  тапты. Өлкө бийлиги вирустун таркалышы  жакынкы күндөрү күч алат деп болжолдоодо.

Кытайдын Хэбэй провинциясында карантин  борбору курулууда. Анда 1700  палата даярдалды. Бир жумадан бери вирустун  курмандыктары күнүнө 100гө жетүүдө.

Калифорния АКШнын  вирус коркунучу күчөгөн штат болуп калды. 3 млн адам илдетти  жуктуруп  алган. Жалпысынан  АКШда ковидге чалдыккандар 24 млн жетти. 400 миң  адам каза  тапкан.

https://www.youtube.com/watch?v=DRGPZL1VJp4