Оштон 25 каратист Өзбекстанда өтчү турнирге катышат

0
37

30-31-январь күндөрү Өзбекстанда өтчү турнирге Ош шаарынын жаш каратисттери катышат. Аталган турнир — Наманган облусундагы Нарын районунун акиминин каратэ-до боюнча кубогу.

Кыргызстандык жаш спортчуларды машыктыруучулар Нусуп Жолдошбаев жана Самарбек Дөлөтбаев жетектеп барат. Жалпы жонунан 25 каратист катышары күтүлүүдө.

Спортчулар менен Ош шаардык кеңешинин депутаты Илгиз Капаров жана Шаардык спорт комитетинин милдетин аткаруучу Бекдөөлөт Абакиров жолугуп, аларга ийгилик каалаган.