Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт

0
55

Эртең, 20-январда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз+7…+12,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -2…-7°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз кар жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 8…10°.