Лондондо краб уулоочулар митинг баштады

0
72

Лондондо  краб уулагандар каршылык акциясына чыкты. Алар жүк ташыган унааларын  шаардын так ортосунда премьер-министрдин резиденциясынын алдына  токтотушкан.

Полиция митингчилерге жүйөөлү себеби жок көчөдө жүрүүгө айып пул салынарын эскертип  жатат. Краб уулагандар Англия Евробиримдиктин  курамынан чыкса, бул чөйрөнү кризис күтүп тургандыгын айтышууда.

Балык  уулагандар “Брексит”  демилгесин  колдоп чыккан. Алар  европанын квотасынан кутулуп, британ сууларында көзөмөл кайра кайтат деп  үмүт арткан. Келишим боюнча квота өзгөрөт бирок ал беш жылдан киийн  ишке ашат.

Мындан тышкары Улуу Британия Евробиримдиктин  курамынан  чыккандан  киийн европа  рыногуна чыгуу жолдору  татаалдашат.

https://www.youtube.com/watch?v=n54PwDnVdko