Борбор калаада 2 жаран унаа уурдоого шектелип кармалганын шаардык милиция кабарлады.
Ушул жылдын 13-январь күнү Свердлов РИИБинине Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Чувашский көчөсүндөгү ВАЗ-2109 маркасындагы унаасын белгисиз жаран уурдап кеткендигин айтып, чара көрүүнү суранган.
Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам издөөсүнүн негизинде болжол менен 17:00дө уурдалган ВАЗ-2109 унааны Заводская көчөсүндө өрттөлгөн абалда табышкан. Жеринде өрттөлгөн унаага текшерүү жүргүзүлүп, керектүү тетиктердин бөлүктөрү алынып экспертиза дайындалды.
Аталган кылмышка шектелип Свердлов РИИБи тарабынан 1992-жылы туулган Д.А., 1986-жылы туулган Е.А. аттуу жарандар кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүүлөрдүн айтымында, кылмыш ишин жашыруу үчүн унааны өрттөп жиберишкен.