COVID-19: Жаңы 90 учур, 3 бейтап көз жумду

0
43

19-январга карата республика аймагында коронавирус дагы 90 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкекте коронавирус – 21, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 23, Баткен облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда — 3 кишиден табылган. Муну менен өлкө аймагында вирус жуктургандардын жалпы саны 83 миң 268 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 2 жана Ош облусунда – 1 адам каза болду. Коронавирустан жалпы 1 миң 390 жаран көз жумган.

Ошондой эле, бир сутка ичинде 145 адам коронавирустан айыгып, илдеттен сакайгандардын саны 79 миң 249га жетти.

Учурда ооруканаларда 742 бейтап, үй шартында 958 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 61 медкызматкер айыгып чыкты.