Бүгүн Нарында жер титирөө катталды

0
55

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталганын ӨКМ кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 19-январь күнү саат 08:38де Кыргызстандын аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байганчек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Табият кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.