Өрттөн 2 киши каза болду

0
63

Кыргызстанда соңку суткада өрттүн кесепетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирген.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын  Биринчи Май районундагы»Ак-Жол» автобазанын аймагында жайгашкан жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана VOLVO үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн.

Кырсыктын кесепетинен эркек киши каза болгон. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле, Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы Центральный көчөсүндө турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 6 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн кесепетинен эркек киши каза болуп, анын жансыз дененси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.