Бүркүттү сатууга аракет кылган жигит кармалды

0
31

7-январда Лейлек районунун Бешкент айылынын 1991-жылы туулган тургуну М.М. бүркүт сатууга аракет кылган жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Turmush басылмасына Биотүрдүүлүктү сактоо жана жаратылыштарды пайдалануу департаментинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, М.М. тоодон жапайы бүркүттү кармап келип, аны сатуу учун WhatsApp тайпаларга жарнама чыгарган. Ал бүркүттү 5000 сомго баалаган. Биотүрдүүлүктү сактоо жана жаратылыштарды пайдалануу департаментинин Лейлек районундагы адиси Бакыт Саттаров ага сатып алуучу катары байланышып, аны милиция кызматкерлери менен биргеликте кармашкан. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Эми кармалган жигитке Жазык кодексинини 192-беренеси (мыйзамсыз аңчылык кылууу) боюнча айып тагылып, 100 миң сом айып жана 12500 сом административтик айып пул салынат. Ал эми бүркүт далил катары сакталып турат.