Иран Оман булуңунда ири аскердик машыгуусун баштады. Машыгууларга аскердик деңиз флотунун бүт курамы жана 230 метрдеги «Макран» кемеси дагы катышууда.Кеме тик учактарды учуруп,кондура алат. Мындан тышкары чалгындоо кызматына тийүштүү жабдуулар менен камсыздалган. 100 миң тонна суу жана отун кору менен жүрөт.
«Макран» кемеси Кызыл дениздеги жана Инд океанындагы аскердик базаларды байланыштырып турат.Тегерандын маалыматы боюнча алдыда кемелер кайра жаңыртылып,аскердик мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет.
Аскердик машыгуу Тегеран менен АКШнын чыналып турган мамилелерине дал келди.Январь айынын башында ирандын аскердик флоту согуштук аракеттерге даярдыгын күчөткөн. Мындан тышкары учкучу жок башкарылган учактардын машыгуусун өткөргөн.