Азия өлкөлөрүндө абал курч

0
27

Кытайдын бийлиги алдыдагы майрам күндөрү үйлөрүндө  болууга жарандарды чакырып жатат.Кытайдын  саламатык сактоо департаменти  эпидемиологиялык абал оор экендигин жарандарга  дагы бир жолу эскертти. Кечээ вирус 115 адамдан табылган.Өлкөдө  жалпы вакцинация кампаниясы жүрүүдө.

Японияда бир суткадагы вирустун курмандыктары жогорку чекке жетти. Абал оорлошуп кеткендиктен көпчүлүк райондорго өзгөчө абал режимин киргизүү чечимин  япон өкмөтү кабыл  алды.

Индонезияда биринчи болуп президент Джоко Видодо эмдөөдөн өттү.Жакында эле кытай өндүрүшүндөгү «Синовак» препаратын колдонууга индонезия уруксат берген 25-январга чейин чет элдик жарандардын индонезияга баруусуна чектөө киргизилген.