Кримтөбөл Алтынбек Ибраимов кармалганы кабарлады

0
27

Кечээ, 13-январда «Алтуха» каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алтынбек Ибраимов кармалганын УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында кармалган. Кылмыш дүйнөсүндө анын негизги орду бар экени айтылат.

УКМКнын билдирүүсүндө, Ибраимовго карата Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде териштирүү жүрүп жатат. Ал азыр атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында экени кабарланды.

Эки күн мурда кримтөбөл профилактикалык баарлашууга ИИМ чакырылган болчу. Ага коомдук тартипти сактабай, мыйзам бузса жоопко тартылары эскертилген.