COVID-19: Жаңы 136 учур, 3 бейтап көз жумду

0
24

14-январга карата коронавирус дагы 136 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул республикалык штаб билдирет.

Жаңы учурлар, Бишкекте коронавирус – 83 адамдан, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 9 кишиден табылган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 723 адам коронавирус жуктурган.

Ал эми бир сутка ичинде 205 адам коронавирустан айыгып, дарттан сакайгандардын жалпы саны 78 миң 563 кишиге жетти.

Бир күндө Бишкекте — 3 адам каза болуп, коронавирустан жалпы 1 миң 378 жаран көз жумган.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 806 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 47 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча бир дагы медик коронавирус жуктуруп алган жок. Үй карантининен 5, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 40 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.