Паспорттогу “улуту” деген графаны 10 153 жаран көрсөткөн

0
53

Мамлекеттик каттоо кызматы 10 миңден ашуун кыргызстандык ID паспортуна «улуту» графасын коштурганын кабарлады.

Эске салсак, 2020-жылдын 15-декабрында премьер-министр милдетин аткаруучу, вице премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандын жаранын идентификациялык паспортуна «улуту» графасын кошуу жөнүндө чечимге кол койгон.

Ошол убакыттан бери кыргызстандыктарга 19 миң 451 ички паспорт берилген. Анын ичинде 10 миң 153 жарандын паспортунда улуту көрсөтүлдү.

2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картасына «улуту» деген графа жарандын каалоосу боюнча кошулат.

2017-жылдын 1-майынан баштап электрондук чип орнотулган ички паспорттор бериле баштаган. Анда төмөнкү маалыматтар камтылган:

— текст түрүндө: фамилиясы, аты жана атасынын аты, жынысы, жарандыгы, туулган датасы, документ номери, берилген датасы, колдонуу мөөнөтү, жеке идентификация форматлык номари, коддору жана документтин номери;

— түзмөктө окула турган формада: түзмөктө окула турган зона;

— электрондук чипте: стандарт ГОСТтарына ылайык криптографиялык алгоритдердин негизинде жүзөгө ашырылган биометрикалык маалыматтар, улуту, туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы, электрондук-сандыры кол тамгаларды бар ачкыч.