14-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт

0
41

Эртең, 14-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарына кар жаайт.

Абанын температурасы:

Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10,
Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз +5…+10,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,
Нарын дубанында түнкүсүн -14…-19, күндүз -6…-11,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11° болот.
Бишкек шаарында түндө мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +1…+3° болот.