ЖОЖдордун студенттери февралдан кадимки режимде окушат

0
56

Өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын студенттери февраль айынан тарта кадимки тартипте окуу режимине өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, университеттердин жана кесиптик окуу жайлардын билим берүү процесси офлайн режимге февралдын башында же ортосунда өтүп калышы мүмкүн. Офлайн-режимге бардык окуу жайдын бүтүрүүчү курстары өтөт. Магистранттар дагы салттуу режимде окуй турганы айтылды. Медицина багытында билим берген окуу жайларда 1-курстан бүтүрүүчү курска чейинкилердин баары кадимки тартипте билим алышат.

Студенттер окуу жайга жумасына 2-3 жолу эле барып, практикалык жана лабораториялык сабактарга катышат. Ал эми лекциялык сабактар онлайн режимде өтөт.

Ошондой эле, окуу тартиби ар бир окуу жайда студенттердин санына жараша түзүлөт. Практикалык сабактар учурунда бир аудиториядагы студенттердин саны 15-20дан ашпоого тийиш. Танапис учурунда студенттердин топтолуусуна жол берилбейт. Массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт.