Кара-Кулжада эки милиционерге ок атылды. Ок чыгаргандар изделүүдө.  

0
53

Кара-Кулжа районунда милиция кызматкерлерине ок чыгаргандар изделип жаканын облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя бүгүн, 13-январга караган түнү, саат 01:10до болгон. Анда Кара-Кулжа райондук милициясынын кызматкери автоунаасында отурганда бейтааныш киши кол салып, айнектин сыртынан ок чыгарган. Инспектордун эки далысынын ортосуна чачма октор тийген.

Ок атылган жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Райондук милициянын тергөөчүсү автоунаадан түшкөндө аны да бирөө далыга аткан. Кызматкер табелдик куралы менен шектүүгө ок чыгарганганда ал из жашырып, качып кеткен.

Жарадар болгон милиционерлер райондук ооруканага жеткирилген, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттоого алынган. Учурда Кара-Кулжа районуна «Перехват «операциясы киргизилип, Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган.

Шектүүлөрдү аныктап кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.