АКШ: Капитолийдеги башаламандыктын катышуучулары эркинен ажыратылат.

0
116

АКШнын федералдык прокурорунун милдетин аткаруучу Майкл Шервин Капитолийдеги башаламандыктын айрым катышуучулары 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендигин билдирди. Мындай билдирүүнү Майкл Шервин брифинг учурунда   жасады. Анын айтымында, полиция азыр дагы ызы-чуунун  катышуучуларын  издеп жатат.

 Атайын кызмат Капитолийдин аймагына  жардыргыч заттарды  орноткон адамдардын  изине түшкөн. Күнөөлүүлөр оор беренелер менен соттоло тургандыгын  прокурор кошумчалады.

Ал арада  Дональд Трамп башламандык боюнча билдирүү жасады. Американын бүгүнкү күндөгү лидери  «АКШ бул мыйзамдын улуту» деп билдирди. Трамп американын тарыхын, салтын сыйлоого  жана башаламандыкка эмес мыйзамдын күчүнө ишенүүгө чакырды.