Индонезиянын суучулдары  кырсыкка учураган учактын кара кутусун алып чыкты.

0
40

Индонезияда деңизге кулаган учакын кара кутусундагы үн жазууларды чечмелөө процесси 5 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Суучулдар кара кутуну кечээ суудан алып чыккан. Адистер  экинчи кара кутуну таап, андагы үн жазуулардын жардамы менен кырсыктын чоо-жайы аныкталат деп үмүт артууда.

9-янарда Джакартадан Пантианак шаарына учуп чыккан учак  деңизге кулап түшкөн. Самолеттун бортунда экипаж мүчөлөрү менен бирге 62 жүргүнчү бара жаткан. Учак абага көтөрулгөндөн көп өтпөй эле жер менен байланышы үзүлгөн.

Коншу Австралиянын байланыш кызматы дагы эч кандай авария тууралуу сигналды байкаган эмес. Кырсыкка учураган учак абага көтөрүлгөндө чагылганга урунган жана  аба чуңкурларына туш келген болушу ыктымал. Себеби  бир мүнөттө самолет 3 миң метр ылдыйлаган.

https://www.youtube.com/watch?v=FzhLDaC-zjI