COVID-19: Германияда карантин күчөтүлдү.

0
50

Германияда карантин 8 же 10  аптага  созулушу мүмкүн”, — деп билдирди канцлер Ангела Меркель. Германияда коронавирус илдетин  жуктуруп алгандардын саны  пандемия башталгандан  бери 2 млн чамалады. Курмандыктардын  саны дагы  өсүүдө. Кечээ 890 адам вирустан каза тапты.

Ошондой эле Германияда коронавирустан жаңы түрү  аныкталып, ал вирус Түштүк Африкадан келген деп божомолдонууда.

Португалияда абал көнүл жылытарлык эмес. Кечээ күнү Covid-19 155 адам көз жумган. Бул бир жыл аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч болду. Эртең  Португалиянын  өкмөтү  чукул жыйынга чогулуп, узак убактка карантин киргизүү сунушун караганы турат.

Европада вакцинация борборлоруна Moderna компаниясы чыгарган препарат үзгүлтүксүз  алынып келинүүдө. ЕвроБиримдик 6 лаборатория менен  вакцинация алууга келишим түзгөн. Мындан тышкары башка компаниялардан сатып алуу каралып жатат.

Франциянын евробиримдик иштери боюнча министри  Клемент Бон жалпы механизм менен  иш алып баруунун натыйжалуулугун айтып чыкты.

Эгерде  ар  бир  өлкө өзүнүн лабораториясы менен  келишим түзүп, элди эмдей берсе болбойт. Бизде бардык өлкөлөрдун  вакцинага жетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгалы. Коронавирус өз алдынча күрөш жүргүзө турган  илдет эмес”, — деп билдирет Клемент Бон.

Европанын  дары-дармектер боюнча агенттиги тездик менен  январь  айынын  соңуна чейин Оксфорд/AstraZeneca вакцинасын  кабыл алуу чечимин  карайт. Эгер бул препаратка уруксат берилсе Европада  колдонууга мүмкүн болгон үчүнчү вакцина болуп калат. Бул вакцинаны бир апта  мурун  Улуу Британияда колдонууга  уруксат берилди.

https://ru.euronews.com/2021/01/12/eu-covid-wrap-1201