Ош: 59 жаштагы жаран жүрөк оорусунан унаа айдап баратып каза болду

0
83

6-октябрь: Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Ош шаардык жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматына ылайык, «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын  башкарып бараткан 59 жаштагы шаар тургуну жүрөк талмасы кармап каза болгон. Унаасы Шакиров көчөсүндө жол боюнда турган унааны сүзүп токтогон.

Кырсык Ош ШИИБ тарабынан тергелип, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эске салсак, Ош шаарын боюнча жыл башынан бери, 9 ай ичинде 382 жол кырсыгы катталып, 514 адам жарадар болсо, 10 адам көз жумган.

Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 98 жол кырсыгы катталса, 112 бала жаракат алып, 1 өспүрүм каза болгон.