Францияда миңге жакын унаа кар буктурмасында калып кетти.

0
38
YE Winter Weather Illinois

Франциянын чыгышындагы Эн департаментинде кар бурганактап жаап, миңге жакын унаа кар буктурмасында калып кетти. Бул туурасында  France Bleu  радиосу маалымат тараткандыгын  «Мир 24» каналы жазды.

Синоптиктердин алдын ала маалыматы боюнча  15 см кар жаайт деп айтылган. Бирок кардын калыңдыгы азыр 30 см ашык.

Унаа жолдорунда миңдеген, айрым аймактарда 2 миңге чейин  унаа  жүрө албай калып  кетти.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Мадридде соңку 80 жылдан бери жаай элек кардын  көлөмү түшкөн. Мындай аба ырайы  Испаниянын  борбор калаасында  темир жол, аба каттамдарын токтотуп, унаалар, автобустар жөрбөй калган.