Россияда аскерлер бараткан автобусту жүк ташуучу унаа сүзүп, 4 жоокер көз жумду

0
57

Кечээ, 11-январ күнү Москванын четиндеги Новорижск шоссесиндеги жол кырсыктан төрт жоокер каза таап, дагы 45и жаракат алган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Анда жүк ташыган автоунаа аскерлерди ташып бараткан автобустар менен кагылышкан. Жүк ташуучу машиненин айдоочусу унаасын башкара албай калып, күү менен жол четинде токтоп турган автобустарды сүзгөн.

Маалыматта ооруканадагы 45 аскердин 16сынын абалы оор экени айтылган.

Учурда кырсыкка себеп болгон машиненин айдоочусу кармалып, тергөө иштери башталганы кабарланды.