Башкы прокурор Жамшитов күбө катары сотко чакырылдыбы?

0
731
        Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук процесске күбө катары чакыруу талап кылынууда.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар  NazarNews.kg, Govori.tv бүгүн, маркум А. Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип жаткан Мелис Калыковдун тарапташтарына таянуу менен жазып чыкты.

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун соту.9-10-11-октябрь күнү, Ош шаардык сотунда каралат.

Шектүүнүн эжеси Дамира Калыкова VB.KG редакциясына берген маалыматында буга чейинки сот олтурумдарында, «Кырсыктын чыныгы айыпкерлерин прокурор Өткүрбек Жамшитов калкалап жатат»- деген шектенүү жаралгандыктан, 2 ирет чакыруу берилип, бирок башкы прокурор сотко келбегендигин айтып, эми мыйзам боюнча мажбурлоо жолу менен алынып келиши керектигин кошумчалаган.

Дамира Калыкова башкы прокурордун соттук ишке келип, күбө катары суралышын талап кылат.

-Мен сизди мындан мурунку соттук процесстерге чакыргам, бирок көңүл бурбай жатасыз, бул сизге намыс алып келбейт. Сиз үлгү көрсөтүңүз, жаран катары, прокурор катары! Анткени сизди кылмышкерлерди жашырып жаткандыгыңызга айыптап жатышат. Сотко келсеңиз айың-кептерге чекит коюлмак. Айрым маалыматтар боюнча сиз ал аңылоого чыккандардын биринин досу, классташы деп жатышат. Сот Жолборс Кудаяров калган 70 күбөнү соттук процесске чакыруудан баш тартып жатат. Кааласаңар өзүңөр чакырып алгыла деген. Мына мен сизди чакырып жатам” – деп маалымат берген.

Ал эми Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы, бул маалыматты төгүндөдү.

«Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду иш боюнча күбө катары чакырууга эч ким өтүнүч келтирген эмес, берилип жаткан маалымат чындыкка туура келбейт» дейт Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бегзат Осмонкулов.