Шайлоого карата курал-жарак алып жүргөн 6 миңден ашык жаран текшерилди

0
148

Шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында ички иштер органдары “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү.

ИИМдин маалыматында, жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде күзөт агенттиктеринин тиешелүү документтери, сый белекке алган куралдардын, кызматтык, мергенчилик, травматикалык куралдардын ээлери жана аларды сактоо жайлары текшерилди.

Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында бузууларды алдын алуу максатында өлкөнүн бардык аймагында куралдарды алып жүрүүгө, сактоого, колдонууга уруксат берүүчү документтерди берүү убактылуу токтотулду. Ошондой эле, куралдар-жарак саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгүнө да убактылуу чектөө киргизилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 6 миң 300дөй адамдын травматикалык куралдары, 120 обьекти текшерилди. Анын негизинде 220 протокол түзүлдү, 160тан ашык куралдын, 3800 ок-дарылардын сактоо эрежелери бузулгандыгы аныкталган. 9 сайлуу ок атуучу курал, кесилген курал, граната, октор табылды.

ИИМ ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ага тете жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.